Жаңылыктар
55 жаштагы Т.Шааева чет өлкөдө өтүүчү жеңил атлетика боюнча мелдешке кызуу даярданууда
Спорт
55 жаштагы Т.Шааева чет өлкөдө өтүүчү жеңил атлетика боюнча мелдешке кызуу даярданууда

Нарын облусунун тургуну 55 жаштагы Толгонай Шааева спортун жеңил атлетика түрү боюнча бир катар эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып келген. Ал эми спортчу азыр дагы өз калыбына келип, алдыда өтө турчу мелдештерге кызуу даярданып жатат.

55 жаштагы Толгонай Шааевага бул спорт талаасы өзгөчө жагымдуу күндөрдү эсине салат. Анткени спортчу эң алгачкы ийгилигин дал ушул жерден машыгып жүруп жараткан. Азыр да күн сайын бир маал спорт аянтка келип, машыгуудан өтүп кетет. Легендарлуу аял. Мына ушундай каймана ат менен аны көптөгөн өлкөлөр билишет. Буга Шааеванын барган жеринен кур кайтпай, жеңишти утуп келгени себеп болду. 

Спортчу Нарын педогогикалык колледжинде 26 жылдан бери дене -тарбия сабагынан мугалим. Өзүнүн үзүрлүү эмгек жолунда жаш спортчуларды тарбиялап өстүрдү. Өмүрүнүн 30 жылдан ашыгын спортко арнаган Толгонай Шааева окуу жайдын чоң сыймыгы.  2 баланын апасы Толгонай Шааева учурда чет өлкөлөрдүн биринде өтчү спорттун жеңил атлетика боюнча мелдешине кызуу даярданып жатат.