Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү. 29-30-сентябрь күндөрү өлкө аймагында  туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлүүдө. Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. 

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.