Жаңылыктар
Мектепке келбеген окуучуларды аныктоонун жаңы ыкмасы
Билим
Мектепке келбеген окуучуларды аныктоонун жаңы ыкмасы

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке барбаган балдарды аныктоонун жаңы ыкмасын сунуштоодо. Мыйзам долбоорун өкмөт коомдук талкууга алып чыкты. Бүгүнкү күндө мектепке барбаган балдардын саны так эмес. Көрсөткүчтөр ар кандай. ИИМдин маалыматы боюнча, 80 миңден ашык бала билим берүү мекемелерине барбайт, ал эми тиешелүү министрликтин маалыматы боюнча бул көрсөткүч 1,5 эсе төмөн. 

Белгилей кетсек, окууга барбаган балдарды аныктоо жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктуу мекемелери тарабынан жүргүзүлөт. Билим алууну себепсиз токтоткон жана сабакка жөнү жок келбеген балдарга чара көрүү үчүн мектеп жетекчиси алардын тизмесин берип турушу абзел. Эгерде окуучу 10 күн сабакка келбесе, же себептери аныкталбаса дароо билдирүү жасап, тиешелүү мекемелерди кабардар кылышы зарыл.