Жаңылыктар
Өзгөндө катталган жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды
Кырсык
Өзгөндө катталган  жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

Бүгүн, 28-сентябрда Өзгөн районундагы катталган жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Түшкү саат 11ге чамалап калганда Бишкек-Ош унаа жолунан  «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаа менен «Ваз-2199» (Лада-Самара) үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жол кырсыктын кесепетинен «Лада-Самарадан»  2 адам, ал эми «Хонда-Фит» унаасынан бир адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруу тобу тартылып, жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына  жеткирилген.