Жаңылыктар
ЖК: кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамы кабыл алынды
Чек ара
ЖК: кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзамы кабыл алынды

Жогорку Кеңеште "Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам кабыл алынды.

Эске салсак, 2017-жылдын 21-августунан 31-августуна чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтор адегенде Бишкек шаарында, андан кийин Ташкент шаарында жолугушуп, чек ара аймактарын тактоо маселелери каралган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинин басымдуу бөлүгү такталып, ушул жылдын 5-сентябрында эки тараптуу келишимге кол коюлган.