Жаңылыктар
Ипотекалык насыянын үстөгү төмөндөйт
Экономика
Ипотекалык насыянын үстөгү төмөндөйт

2017-жылдын 1-октябрынан тарта ипотекалык насыя алуунун үстөгү 8 пайызга чейин төмөндөйт. Мындай чечим ипотекалык насыянын пайызын төмөндөтүүнүу талкуулаган жыйында атылды. Муну шарттаган тескемеге премьер-министр Сапар Исаков кол койду. 

Эми бул чечимдин негизинде насыялардын үстөгүн төмөндөтүү программасы менен катар «Жеткиликтүү турак-жай 2017-2020» программасы ишке ашат, - дейт өкмөт башчы. 

Ал муну менен катар банк-өнөктөштөрүнө арзандатылган ипотекалык насыя тууралуу түшүндүрүү иштери жер-жерлерде өткөрүлсүн деген өтүнүч менен кайрылды. Насыянын үстөгүн азайтуу бюджеттик насыяны төмөндөтүүнүн аркасында ишке ашырылган.