Жаңылыктар
Исаков: жабык Азия оюндарында 8-орунду ээлегендик, биз үчүн чоң жеңиш
Спорт
Исаков: жабык Азия оюндарында 8-орунду ээлегендик, биз үчүн чоң жеңиш

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар кайтып келишти. Аларды премьер-министр Сапар Исаков, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү жана спортчулардын жакын санаалаштары тосуп чыгышты. 

Кыргызстан курамасы күтүлгөндөн да көп медалды капчыктарына салып кайтканы, жалпы күйөрмандарды кубанычка бөлөдү.



Өкмөт башчы ийгилик жараткан спортчуларды куттуктап, өлкө желегин чет жакта көтөрүп, Кыргызстандын намысын коргогон спортчулар менен сыймыктанаарын айтты.

«Силер биздин сыймыгыбызсыңар. Кыргызстан үчүн ушундай жеңиштер көп болушун каалайм. Командалык эсепте 60тай өлкөнүн ичинен 8-орунду ээлегендик, биз үчүн чоң жеңиш. Силер биздин жаркын келечегибиз болуп эсептелесиңер. Өзүңөрдүн ийгилигиңер менен өлкөнүн өнүгүүсүн көрсөтүп жатасыңар. Жыл өткөн сайын силердин жетишкендигиңер мыкты деңгээлге көтөрүлүп, араңардан дүйнө чемпиондору чыгарына ишенем», — деди Сапар Исаков.

Ошондой эле премьер-министр спортчуларга бекем ден-соолук каалап, эл аралык мелдештерде ийгилик жарата беришине тилектеш экенин кошумчалады.


Буга чейин өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдө ири жетишкендиктери бар спортчулардын стипендияларын жогорулатуу жагы каралып келген. Эми бул маселе да чечилди. Бул долбоор ишке ашышы үчүн тийешелүү токтомго Сапар Исаков өткөн аптада кол койгон. Мындай маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов билдирди.

«Бул токтомдо машыктыруучулардын маянасын 50 пайызга көтөрүү жагы каралган. Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү сунушталып, ага ылайык спортчулардын стипендиясынын эң аз делгени 5 миң сомду түзөт», - деп баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, жогорку категориядагы стипендияны олимпиадалык оюндарда, дүйнөлүк чемпионаттарда 1-2-3-орундарды, Азия оюндарында 1-орунду ээлегендер алышат. Ошондой эле, сунушталган өзгөрүүлөр тууралуу жобо такталып, жаңыдан бекитиле турган болсо, төлөм алуучулардын катарына улуттук спорттун түрлөрүнөн дагы мыкты ийгиликтерди жараткандар кошулат. Аларга деп стипендиялык фонддун 10%ы каралмакчы. Жалпысынан стипендия алуучулардын тизмесинде 274 киши бар.

Маалым кыла кетсек, жабык имараттагы V Азия оюндарына 60тан ашуун өлкөнүн спортчулары таймашты. Кыргызстандын атынан 153 спортчу аттанып, алар спорттун 17 түрүнөн күч сынашты. Бүйүрдү кызыткан мелдештин жыйынтыгында курамабыздын капчыгына 70 медаль салынды. Булардын ичинен 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медаль. Командалык эсепте Кыргызстан курамасы 8-орунга жазылды.

Спорттун түрлөрү боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Джиу-джитсу:

Абдурахманхаджи Муртазалиев – алтын медаль (85 кг чейинки салмактагы категорияда)

Ариет Бекишов – коло медаль (62 кг чейинки салмактагы категорияда)

Бел боо күрөшү:

Бекзат Тынчтыкбек уулу – алтын медаль (55 кг чейинки салмактагы категорияда)

Эсенбек Кудайбердиев – алтын медаль (80 кг чейинки салмактагы категорияда)

Нурзат Бактияр кызы – алтын медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда)

Алтынай Мамарасул кызы – алтын медаль (75 кг чейинки салмактагы категорияда)

Мээрим Момунова – алтын медаль (60 кг чейинки салмактагы категорияда)

Асылбек Калматов – күмүш медаль (100 кг салмактан жогорку категорияда)

Эрланбек Мурзанбеков - күмүш медаль (60 кг чейинки салмактагы категорияда)

Нурбек Кожобеков - күмүш медаль (90 кг чейинки салмактагы категорияда)

Руслан Тавалдиев - күмүш медаль (80 кг чейинки салмактагы категорияда)

Тилек Кувалов – күмүш медаль (казак күрөшү) (90 кг салмактан жогорку категорияда)

Мээрим Мийзамидин кызы - күмүш медаль (55 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Мээрим Момунова - күмүш медаль (60 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Эрланбек Мурзанбеков - күмүш медаль (60 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Алтынай Мамарасул кызы - күмүш медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Руслан Тавалдиев – коло медаль (80 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Мадан Шаршеналы уулу - коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Орозбек Аширов - коло медаль (100 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Мадан Шаршеналы уулу - коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Ильяс Нишанов - коло медаль (100 кг салмактан жогорку категорияда) (эркин стиль)

Кадыр Келсинбеков - коло медаль (100 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Мирлан Эралиев – коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (казак күрөшү)

Айдарбек Айтиев - коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (пахлавани)

Анара Рыскулова - коло медаль (55 кг чейинки салмактагы категорияда) (алыш эркин стиль)

Нурзат Бахтияр кызы - коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда) (классикалык стиль)

Анара Рыскулова - коло медаль (55 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Уулкан Алибай кызы - коло медаль (65 кг чейинки салмактагы категорияда) (эркин стиль)

Бильярд спорту:

Ызатбек Ратбеков – алтын медаль

Канат Сыдыков – коло медаль

Бий спорту:

Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей – алтын медаль (samba)

Алексей Кибкало и Татьяна Когадей – коло медаль (paso doble)

Ат оюндары:

Камиль Сабитов – коло медаль

Жеңил атлетика:

Гулшанай Сатарова – күмүш медаль (1500м)

Арина Клещукова – коло медаль (1500 м)

Арина Клещукова – коло медаль (800 м)

Кикбоксинг:

Авазбек Аманбеков – алтын медаль (57 кг чейинки салмактагы категорияда)

Алексей Федосеев – күмүш медаль (63.5 кг чейинки салмактагы категорияда)

Айбек Дуйшембиев – коло медаль (69 кг чейинки салмактагы категорияда)

Акрам Баратов – коло медаль (51 кг чейинки салмактагы категорияда)

Чынгыз Калбаев – коло медаль (69 кг чейинки салмактагы категорияда)

Юлия Борисова – коло медаль (56 кг чейинки салмактагы категорияда)

Муай-тай:

Бекзат Матысаев – коло медаль (67 кг чейинки салмактагы категорияда)

Самбо:

Жамалбек Асылбек уулу – алтын медаль (82 кг чейинки салмактагы категорияда)

Бекназар Раимкул уулу – алтын медаль (74 кг чейинки салмактагы категорияда)

Жаныбек Аматов – алтын медаль (90 кг чейинки салмактагы категорияда)

Данияр Алымжанов – күмүш медаль (100 кг чейинки салмактагы категорияда)

Орозбек Абтандил уулу – күмүш медаль (62 кг чейинки салмактагы категорияда)

Айткуль Абдылдабек кызы – күмүш медаль (48 кг чейинки салмактагы категорияда)

Тилек Аманкулов – коло медаль (52 кг чейинки салмактагы категорияда)

Белек Бараканов – коло медаль (57 кг чейинки салмактагы категорияда)

Арсен Камчибеков – коло медаль (62 кг чейинки салмактагы категорияда)

Максат Мусабаев – коло медаль (100 кг салмактан жогорку категорияда)

Улукбек Мамытов – коло медаль (100 кг чейинки салмактагы категорияда)

Мухаметали Эргешев – коло медаль (52 кг чейинки салмактагы категорияда)

Алайбек Умотов – коло медаль (68 кг чейинки салмактагы категорияда)

Салмоорбек Маматэмин уулу – коло медаль (74 кг чейинки салмактагы категорияда)

Салттык күрөш:

Назира Марсбек кызы - күмүш медаль (58 кг чейинки салмактагы категорияда)

Мээрим Жумназарова – күмүш медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда)

Эсенбек Кудайбердиев – күмүш медаль (82 кг чейинки салмактагы категорияда)

Кененбек Шамшидин уулу – коло медаль (75 кг чейинки салмактагы категорияда)

Назира Арзыбекова – коло медаль (70 кг чейинки салмактагы категорияда)

Уулкан Алибай кызы – коло медаль (63 кг чейинки салмактагы категорияда)

Күрөштүн түрлөрү:

Калы Сулайманов – алтын медаль (грек-рим күрөшү) (59 кг чейинки салмактагы категорияда)

Атабек Азисбеков – күмүш медаль (грек-рим күрөшү) (80кг чейинки салмактагы категорияда)

Узур Джусупбеков – күмүш медаль (грек-рим күрөшү) (98кг чейинки салмактагы категорияда)

Айсулуу Тыныбекова – күмүш медаль (58 кг чейинки салмактагы категорияда)

Мээрим Джуманазарова – коло медаль (69 кг чейинки салмактагы категорияда)

Айпери Медет кызы – коло медаль (75 кг чейинки салмактагы категорияда).