Жаңылыктар
"Музыка" телеканалы 5 жашта
УТРК жаңылыктары
"Музыка" телеканалы 5 жашта

Өлкөдөгү башкы «Музыка» телеканалы 5 жашка толду. Буга байланыштуу КТРКнын имаратында белгилүү эстрада ырчылары катышкан майрамдык концерт өттү. Келген коноктор аталган каналдын дарегине куттуктоо сөздөрүн айтып, өнүгүшүн каалашты. «Музыка» каналы ачылгандан бери өзүнө бир топ көрөрмандарды топтоду. Бул аралыкта жаңы телеберүүлөр ачылып, алар популярдуулукка ээ болду. Бүгүнкү күндө «Музыка» каналы кабелден жана санариптен HD форматында бүтүндөй Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүп келет.