Жаңылыктар
Кыргызстан Индия мамлекети менен туризм жана ишкерчиликти өнүктүрүү багытында кызматташтыкты арттырат
Туризм
Кыргызстан Индия мамлекети менен туризм жана ишкерчиликти өнүктүрүү багытында кызматташтыкты арттырат

Бул максатты ишке ашырууга багытталган алгачкы, иш жүзүндөгү кадамдар башталды. Өткөн апта Индиянын борбору Нью-Дели шаарында Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке кирген электрондук виза системасын жарыя кылып, мындан сырткары бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө багытталган эл аралык конференция уюштурду. Индия, Нью-Дели шаары. Кыргызстандын Индиядагы элчилиги бул өлкөдө биринчи жолу электрондук виза системасын расмий жарыя кылып, буга арналган атайын кече уюштурулган. 

Тутумду ишке киргизүү жөрөлгөсүн элчи Самаргүл Адамкулова менен Индиянын мамлекеттик министри Керен Риджи жасашты.  Электрондук виза системасын “Таза коом” долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү ишке киргизген. Ал ушул жылдын 1-сентябрынан тарта иштей баштады. Анда Кыргызстан менен виза келишими бар өлкөлөрдүн жарандары документти онлайн түрүндө толтуруп, виза алса болот. Индияда бул кызмат кызуу иштеп жаткан учуру. Электрондук виза тутумун ишке киргизүү Кыргызстан менен Индиянын дипломатиялык мамиле түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туура келип отурат. Ага катар акыркы учурда бул өлкөдөн Кыргызстанга келген туристтердин агымы көбөйүүдө. 

Айтмакчы виза берүүнүн жаңы ыкмасын Индияда кубануу менен кабыл алышууда. Бул да болсо Кыргызстанга келген туристтердин санынын дагы да көбөйүшүн шарттайт. Буга улай кыргыз элчилиги Дели шаарынын Соода өнөр жай палатасы менен биргеликте ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган эл аралык конференция уюштурду. Акыркы 25 жылда Кыргызстан менен Индиянын ортосунда саясий жана маданий кызматташтык бекем орноду. Адистер эми бизнес жаатында кызматташтыкка артыкчылык берүүгө убакыт келгенин белгилешет.