Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасы 8 күнгө жабылат
Чек ара
Кыргыз-кытай чек арасы 8 күнгө жабылат

Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик күнүнө байланыштуу 1-октябрдан 8-октябрга чейин кыргыз-кытай чек арасы жабылат. 

Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү бекеттери 9-октябрдан тарта иштей баштайт. 

Эске салсак, буга чейин кыргыз-кытай чек арасы Курман айт майрамына байланыштуу убактылуу  1-сентябрдан 5-сентябрга чейин жабылган.