Жаңылыктар
А.Атамбаев: "Калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу керек"
Ден соолук
А.Атамбаев: "Калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу керек"

Президент Алмазбек Атамбаев Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Анда Мамлекет башчысына саламаттык сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана түрдүү оорулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелеринин курулуш жана ремонт иштерин, анын ичинде Улуттук перинаталдык борбордун жаңы корпусунун курулушунун жана Улуттук онкология жана гематология борборунун ремонттук-курулуш иштеринин жүрүшүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгилеп, ал аракеттер биринчи кезекте дарыгерлерди даярдоонун сапатын жакшыртууга жана калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталууга тийиш экендигин белгиледи.