Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш шайлоо бүткүчө жыйынга чогулбайт
Саясат
Жогорку Кеңеш шайлоо бүткүчө жыйынга чогулбайт

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоого чейин пленардык жыйындарын өткөрбөйт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, комитеттердин жана фракциялардын жыйындары улана бермекчи. 

Ал эми, шаршемби жана бейшемби күндөрү болуп келген жалпы жыйын шайлоодон кийин өтөт.

Бул кадам депутаттардын аймактардагы эл менен иш алып баруусу үчүн жасалгандыгын маалымат кызматы кошумчалады.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрь күнү өтөт.