Жаңылыктар
Чүй облусундагы “Кошой” кант заводу ишке кирди
Экономика
Чүй облусундагы “Кошой” кант заводу ишке кирди

 

Чүй облусундагы “Кошой” кант заводу ишке кирди. 13 жылдан бери токтоп турган заводго Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан 4 пайыз үстөгү менен 10 миллион доллар берилип, өндүрүш толугу менен жаңы жабдыктар коюлду. 

Эми завод күнүнө 3 миң тонна кант кызылчасын иштетип, 450 тоннага чейин шекер чыгарат. Ал эми “Кайыңды-кант” заводу Кыргыз-Орус фондунан акча алып, ишканасынын кубаттуулугун жогорулаткан. 

Быйыл дыйкандар өткөн жылга салыштырмалуу 6 жарым миң гектарга көп кызылча эгип, жалпы аянты 20 миң гектарга барат. Адистер өлкөдө өндүрүлгөн шекер калкты 100 пайызга камсыздап, сырткы өлкөлөргө экспорттолот деген ишенимде.