Жаңылыктар
Өкмөт башчы Россиянын Мамлекеттик Думасынын башчысы Вячеслав Володин менен жолукту
Саясат
Өкмөт башчы Россиянын Мамлекеттик Думасынын башчысы Вячеслав Володин менен жолукту

Өкмөт башчы Сапар Исаков расмий сапарынын алкагында Россиянын Мамлекеттик Думасынын башчысы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Анда парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүдөгү майнаптуу жылыштар, Россияда эмгектенип жаткан кыргыз жарандарына түзүлгөн шарттар, өзгөчө айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө уруксаттын берилиши, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы Орусиянын Кыргызстанга берген жардамынын натыйжалуу жемиштери, Кыргызстанда орус тилинин расмий макамды алып жүрүшү жана Кыргызстанда жакынкы келечекте ишке ашырыла турган "Таза Коом" программасынын артыкчылыктуу багыттары ушул жана башка орчундуу маселелер талкууланды. 

Сапар Исаков Орусия Кыргызстандык стратегиялык өнөтөшү экенин белгилеп, соңку маалда ар тараптуу кызматташтык артып жатканын билдирди. 

Вячеслав Володин да парламенттер аралык байланыш жакшы жолго коюлганын ырастап, Сапар Исаковду өкмөт башчы болуп дайындалышы менен куттуктады.