Жаңылыктар
Ош: Элди бөлбөгүлө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: Элди бөлбөгүлө

Ош облусунун айрым тургундары президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарынын Амир Тимур кичи районунда эл менен жолуккандагы сүйлөгөн сөзүнө укуктук баа берилишин талап кылат. Алардын айтымында, талапкердин эл алдында сүйлөгөн сөздөрү улуттар аралык алакага доо кетириши ыктымал. "Тынчтыктын баасын Ош эли жакшы түшүнөт, ошондуктан улуттар аралык маселени саясий максатта колдонуу акылга сыйбаган көрүнүш".

Мындай кайрылуусу менен Оштогу маданий-улуттук борборлордун, бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана шаардыктар маалымат жыйын өткөрүштү. Улуттар аралык маселе - Оштун эли үчүн көңүл чордонунда турган эң талылуу маселе. Ошондуктан, анда жашаган эл буга өтө кылдаттык, аярлык менен мамиле жасашат. Жергиликтүүлөр араздашуунун кесепетин жана тынчтыктын баасын жакшы билет. Мындан улам, улуттар аралык мамилени козутууга багытталган кымындай сөз да адамдардын жүрөгүндө кыжырданууну пайда кылат. Айрымдары улуттар аралык козголоң тууралуу кеп козголгондо, көзүнө жаш алмайын тура алышпайт.

Анткени андагы окуялар азыр дагы элдин жүрөгүнөн өчө элек.  Бул айым президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кечээ сүйлөгөн сөзүнөн улам тынчым кетти дейт. Талапкер кечээ Амир-Тимур кичи районунун, же жергиликтүүлөр Он-Адыр деп билген аймактын тургундары менен жолугушкан эле. Талапкердин бул айткандары элдин колдоосун таппай, тескерисинче, кооптонууну пайда кылды. Бул тууралуу Амир-Тимур кичирайонунун тургундары билдиришти. Талапкердин айткандарына “Ош шейиттери” бирикмесинин мүчөлөрү да нааразычылыктарын билдирди. Алар 2010-жылдагы июнь окуясында өз жакындарын жоготкондор.

Агартуучулар талапкердин сүйлөгөн сөзүнө төмөндөгүчө баа берет: Кыргызстан элдер Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов саясатчы катары чоң ката кетирди. Анын үстүнө, шайлоо алдында улуттар аралык жана диний маселелерди көтөрүү абдан кооптуу. Талапкердин айткандарына БШК да өз баасын бериши зарыл. Оштун эли үчүн негизги жетишкендик - бул тынчтык жана ынтымак. Андагы жашоочулар жарандардын бейпил жашоосуна бүлүк салууга жол берилбестиги керектигин айтышууда.