Жаңылыктар
Мурдагы менен азыркынын айырмасы
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы менен азыркынын айырмасы

Саясий серепчилер айрым талапкерлердин бийлик тарабынан бардык жерлерде административдик ресурс колдонулуп жатат деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт деп эсептешет. Саясатчылар айтып жаткандай өткөн шайлоолор учурундагыдай системдүү түрдө орун алышына жол берилген жок. Серепчилер азыркы шайлоо өнөктүктөрүн мурдагы менен салыштыруу акылга сыйгыс нерсе экенин белгилешет. Маселен ошол эле 2009-жылдагы президенттик шайлоо, бийлик тарабынан атаандаштарга басым көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү көнүмүш адатка айланган.

Андыктан азыр административдик ресурс колдонуу тууралуу билдирүүлөр көбүртүп жабыртуу, - дешет.  Осмоналиевдин айтымында, буг чейин коркутуп-үркүтүүлөр байкоочулардын жакын туугандарга чейин жетип, добуш берүү процессине көзөмөл салууга толук мүмкүнчүлүк болчу эмес. Башка талапкерлер кандай гана иш аракеттерди жасабасын, президенттик шайлоонун жыйынтыгы алдын ала эле белгилүү болуп калган учурларды эстесе болот. Шайлоонун жыйынтыгы элден эмес, президенттин тегерегиндеги гана бир ууч адамдан көз каранды болуп калган, - дешет адистер. Азыр болсо жаңы шайлоо системасы добуш берүү жараянын бурамлоого болгон бардык аракеттерди жокко чыгарды.

Ошол эле 2009-жылы мамлекеттик телеканалдардан бийликтин атаандаштарынын жарнамалык материалдарын көрүү мүмкүн эмес болчу. Ал гана эмес көп сандаган жарнак такталарын берүүгө тыюу салынган. Ошол жылы Бакиевдин башкы атаандашына бүтүндөй өлкө аймагына 30га жакын гана баннер илүүгө уруксат берилген. Азыр бийликке атаандаш болгон айрым талапкерлердин сүрөттөрү борбор калаанын бир эле көчөсүндө ондоп саналат. Анда бир гана байкоочуларга эмес, талапкерлердин өзүнө да басым жасалган. Болгону 8 жыл мурда мындай көрүнүштөр көндүм адатка айланган. Азыр буга жол берүү мүмкүн эмес.  Бардык атаандаштарга бирдей шарт түзүү- шайлоо системасын реформалоодогу эң башкы жыйынтык экенин адистер белгилешет. Мамлекет бардыгына бирдей шарт түзүп берди, бирок ар бир талапкердин мүмкүнчүлүктөрү ар башка. 


Баарынан да каржы ресурстары. Маселен бир талапкер өлкөдөгү болгон көрнөк жарнак такталарын жана телеканалдардын эфирдик убактысын сатып алууга каражаты жетет, кимдир бирөөсү такыр эле акчасыз. Бирок булар да кароосуз калган жок, куру чөнтөк менен аттанып алгандарга үгүт жүргүзүүгө мыйзам түрүндө колдоо көрсөтүү каралган. Серепчилердин пикиринде, айрым саясий күчтөр бийликти административдик ресурс колдонууга айыптап, өздөрү шайлоочуларды сатып алуу үчүн болгон жоопкерчликтен качууга аракет кылып жатышат. Анткени “биз акча тараткан жокпуз, бийлик бизге басым жасап жатат” деген жоопту алар качан эле даярдап койгонун адистер белгилешет.