Жаңылыктар
“Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын жыйынтыгы талкууланды
Саясат
“Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын жыйынтыгы талкууланды

Президент Алмазбек Атамбаев Президенттик Аппараттын жетекчисинин орун басарынын рангындагы Президенттин Аппаратынын этника, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенишүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаеваны жана “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө 19 өлкөдөн келген окумуштуу-эксперттердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, ислам таануучулардын жана абройлуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкекте өткөн “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын жыйынтыгы талкууланды.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары Кыргызстанда Исламдын салттуу жана агартуучу негиздерин коргоо, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү менен бирге динге ишенүү эркиндигинин принцибин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү үчүн шарттарды түзүү боюнча көп иштер жасалгандыгын белгиледи.