Жаңылыктар
Кыргызстанда хирургдардын төртүнчү Конгресси өттү
Ден соолук
Кыргызстанда хирургдардын төртүнчү Конгресси өттү

Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборунда академик Мамбет Мамакеевдин 90 жылдык мааракесине арналган Кыргызстандагы хирургдардын төртүнчү Конгрессинин ачылышы өттү. Анда өлкөбүздүн алдыңкы хирургдары жана чет элден келген адистер баяндамаларын окушту.

Мындан сырткары, саамалыкка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим жана медицина кызматкерлери катышып, атактуу хирургду 90 жылдык мааракеси менен куттуктады. Эскерте кетсек, хирургия жаатында татаал делген операциялардын методикасын ойлоп тапкан Мамбет Мамакеев "Октябрь революциясы", "Эмгек Кызыл Туу", "Элдин достугу", "Кыргыз Республикасынын I жана II даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланган. Жогорку Кеңештин беш жолку депутаты болгон. 2004-жылы ага "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам ыйгарылган.