Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгынан 4 адам каза болду
Кырсык
Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунда 103 тез жардам унаасы жол кырсыгына дуушар болуп, натыйжасында 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында 2017-жылдын 1-октябрь күнү саат 04:10 чамасында Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 65-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү мамлекеттик №01-877 ABR унаа менен Чолпон-Ата шаардык 103 тез жардам кызматынын "УАЗ" үлгүсүндөгү унаасы кагылышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен тез жардам кызматынын унаасынын ичиндеги 4 адам каза болгон, ал эми Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен.

КР ӨКМдин 31-өрт-куткаруу бөлүмдүн куткаруучулар жерине барышып, каза болгон адамдардын сөөгүн алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.