Жаңылыктар
Кыргызстанда диний чөйрөдө абал кандай?
Дин
Кыргызстанда диний чөйрөдө абал кандай?

Кыргызстан өлкөнүн баш мыйзамы боюнча эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган деген түшүнүктү көпчүлүк светтик деген термин менен алмаштырып айтып жүрүшөт. Мына ушул суроолордун бардыгына Бишкекте өткөн Ислам азыркы светтик мамлекетте аттуу эл аралык форумда жооп изделди. Кыргызстандын 90 пайыз калкы мусулмандар деп айтылып келет, акыркы кезде динге кирген жаштардын саны да күн санап көбөйүп, мечиттер, айт күндөрү аянттар элге жык толууда.

Өз кезегинде дин эркиндигин камсыздоо, ар бир ишеним ээлерине бирдей шарт түзүп берүү боюнча Кыргызстан азырынча бир да мамлекетти алдына сала элек деп толук ынанымдуу айтсак болот. Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык конференцияда сүйлөп жатып, “Светтик мамлекеттин артыкчылыгы - түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, дин туткандар менен эч кандай динди тутпагандардын кызыкчылыктарын тең салмакта сактай билгендигинде” деп билдирди.

Сөз менен иштин дал келгенин мына ушундан байкасак болот, акыркы алты жыл ичинде Кыргызстан дин багыты боюнча так, бардык тараптарды канааттандырган стратегия кабыл алынып, аны ишке ашыруунун үстүндө олуттуу иштер жасалды. Биздин ата-бабалар Ислам жергиликтүү каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына карама-каршы келбегендиги үчүн да ушул динди кабыл алышкан. Бүгүн ал биздин салттуу маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды.