Жаңылыктар
Кыргыз режиссерлору Түркиядан байгелүү кайтышты
Маданият
Кыргыз режиссерлору Түркиядан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык режиссёрлор Түркияда өткөн "Түрк дүйнөсү" деп аталган даректүү тасмалардын фестивалынан байгелүү кайтышты. Бул тууралуу фестивалдагы калыстар тобунун мүчөсү Стамбулбек Мамбеталиев билдирди.

 Сынак студенттер жана профессионалдар арасында эки категорияда өткөн. Студенттер арасында 25 тасма күч сынашып, Касиет Кубанычбекованын "Оймок" тасмасы биринчиликти багындырды. Ал эми Айзада Алиеванын "Дербиш" тасмасы үчүнчү орунга татыды. Профессионалдар категориясында Молдосейит Мамбетакуновдун "Аталардан калган сөз" тасмасы экинчи орунду ээледи. Кесипкөйлөр арасында 80 эмгек ат салышкан. Фестивалга Кыргызстандан 7 тасма жөнөтүлгөн. 

"Түрк дүйнөсү" даректүү тасмалардын фестивалы быйыл экинчи ирет өттү. Ага 23 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. 

Өткөн жылы бул фестивалдан баш байгени "Көч" тасмасы менен кыргызстандык Артыкпай Сүйүндүков алган.