Жаңылыктар
Коомдук транспортто жүрүү акысы жогорулабайт
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук транспортто жүрүү акысы жогорулабайт

Ордо калаадагы коомдук транспортто жүрүүнүн акысы жогорулабай турганын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Жол кирени көтөрүү боюнча маселе Бишкек шаарын өнүктүрүрүү боюнча 2017-2020-жылдарга каралган программада камтылган. 

Бирок шаар жетекчилиги жол акыны көтөрүү менен бирге коомдук транспорттогу кызмат көрсөтүү сапатынын жакшырышы керектигин белгилейт. Калктын аялуу катмарын дагы эске алуу зарылдыгын жакшы түшүнөт. 

Ошондой эле шаарды өнүктүрүү программасы коомдук транспортту жаңылоого жана алардын каттам аралыгын кыскартууга багытталганы айтылды. Мэрия сапатты жогорулатуу маселеси комплекстүү чечилгенге чейин бааны көтөрүү боюнча маселе каралбастыгын айтты.