Жаңылыктар
Укук коргоо органдары шайлоодо коопсуздукту камсыздоого бардык чараларды көрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Укук коргоо органдары шайлоодо коопсуздукту камсыздоого бардык чараларды көрөт

Президенттик шайлоо учурунда коомдогу кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча ар кандай аракеттерге катуу бөгөт коюлат. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйналышында айтылды. 

Мындан сырткары, Президенттикке талапкерлер үгүт өнөктүгүнүн алкагында массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алуу аракеттерине шектелип Жогорку Кеңештин депутатынын кармалышына байланыштуу биринчи кезекте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселесине басым жасоо менен президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чаралардын комплекси тууралуу маалымат угулду.

Президент Алмазбек Атамбаев - "Укук коргоо органдары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде жана президенттик шайлоолор өткөрүлгөн күнү, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышы үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө тийиш" - деп баса белгиледи. 

Мамлекет башчысы Өкмөткө, президенттик шайлоодо жарандар туруктуу жана коопсуз шартта өз эрки менен эркин добуш берүүгө бардык шарттарды камсыз кылуу милдетин тапшырды. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тууралуу мыйзамдын 5-беренесине ылайык, ыкчам чечим же кечиктирилгис мүнөздөгү башка чечимдерди кабыл алууну талап кылган улуттук коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин Төрагасы тар курамдагы жыйынды же ыкчам кеңешме өткөрө алат.