Жаңылыктар
ЖК төрагасы карылар үйүнө барды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК төрагасы карылар үйүнө барды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы улгайган адамдардын Эл Аралык күнүнө карата Бишкек шаарындагы карылар үйүнө барды. Спикер анда жашаган карылардын жашоосу жана алар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Парламент төрага фондунан 215 00 сомдук сертификат тапшырды.  

Улгайган адамдар үчүн бардык ыңгайлуулуктары бар функционалдык керебеттерди мүмкүнчүлүгү чектелген усталар жасап чыгарат. Ошолор менен келишим түзүп, парламенттин  спикери берген каражатка ошондой керебеттерди сатып аларын карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдуллаева белгиледи.     

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"