Жаңылыктар
Жалал-Абад: Ноокен районундагы Маданият көзөмөл-өткөрүү жайы ачылды
Чек ара
Жалал-Абад: Ноокен районундагы Маданият көзөмөл-өткөрүү жайы ачылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Маданият көзөмөл-өткөрүү жайы ачылды. Кыргыз – өзбек чек арасындагы бул салтанаттуу иш-чарага эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү жана жергиликтүү калк катышты. Көп жылдан бери жабык турган чек аранын ачылышы менен эки элдин катышы жанданып, мындан аркы достуктун бекемделишине шарт түзөрү талашсыз. 

Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүндө жайгашкан Маданият унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы ар тараптуу ачылды. Тактап айтканда, бул жайдан жалпы жарандык паспорттун негизинде Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын жарандары коммерциялык жүксүз өтүүгө болот. Иштөө тартиби таңкы саат 7 ден тартып, кечки саат 7ге чейин.

Бул өткөрүү жайынын ачылышын эки өлкөнүн эли тарыхый окуя деп баалап, журт башчылары чечкиндүү кадамдарды жасаганын айтышат. Анткени бул жай жабылгандан тарып, элдин карым-катнашы дээрлик токтоп калган.

Чек арадагы ачылышка өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү баштаган делегация, ал эми коңшу Өзбекстан тараптан Анжиян облусунун башчысы баштап келген бир катар жетекчилер катышты. Облус башчылары бул жайдын ачылышы менен элдин алакасы жашкырып, келечекте эки тараптын тең өнүгүү жолуна кошумча салым болоорун белгилешет.

"Маданият" унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы 2004-жылы негизделген. Бирок кийинчерээк бул жайдан өтүү шарттары катаалдашып, 2016-жылы коңшу өлкө тарабынан бир тараптуу жабылган. Азыр эми кайрадан ачылып, көптүн ыраазычылыгына арзыды. Белгилеп кетсек, буга чейин Ала-Бука районундагы Баймак өткөрмө бекети ишке кирген. Ал эми Жалал-Абаддын аймагында азырынча ачыла элек "Бекабад" чек ара бекети бар.