Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасынын 1170 чакырымдан ашык тилкеси эки тараптуу макулдашылды
Аймак
Кыргыз-өзбек чек арасынын 1170 чакырымдан ашык тилкеси эки тараптуу макулдашылды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн "Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Эске салсак, бул келишимге коңшу республиканын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапары менен келгенде кол коюлган болчу. Эми тараптар калган 15% чек ара чийинин такташы керек. Учурда эки мамлекеттин өкмөттөрү макулдашуу боюнча иштерди баштады.

Мамлекеттик чек араны тактоо кыйын жана кылдат мамилени талап кылып, бир жылда бүтчү иш эмес. Бирок Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын тактоо иши ортодогу карым-катнаштын тарыхында эң эле узакка созулган процесс болуп калды. Эки өлкө бир бүтүмгө келип, 1170 чакырымдан ашык чек ара чийини бекитилди. Эки өлкөнүн мамилеси кайрадан жандангандан кийин, узакка созулган чек араны тактоо иштери тез жүрүүдө. Кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги көйгөй чек арада жаткан. Мамлекет башчылары Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев кызматташуудагы "кайрадан жаңыланууну" дал ушул мамлекеттик чек аралар маселесин жөнгө салуудан баштоону чечти. Бул макулдашуу өткөн жылдын декабрындагы Кыргызстандын Президентинин Өзбекстанга болгон сапарында жетишилген. Тараптар бир жылдын ичинде чейрек кылым бою чечилбей келген маселелерди жөнгө салды. Ал эми Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында тараптар макулдашууну дагы бекемдеген. 

28-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары эки республиканын мамлекеттик чек арасын бекиткен мыйзам долбоорун ратификациялады. Буга чейин көпчүлүк фракциясы документти дароо жактырган болчу, ал эми "Республика - Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык фракциялары орчундуу маселенин каралышын акырына чейин созуп келген. Жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан курч публикациялардан кийин алар документти жактырышты. Ал арада палата чек араны делимитациялоо жөнүндөгү макулдашууну бир добуштан колдоп - 97 депутат макулдугун берди. Каршы чыккандар болгон жок.