Жаңылыктар
Мамлекеттеги туруктуулук жана улут аралык ынтымак эң башкы байлык
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттеги туруктуулук жана улут аралык ынтымак эң башкы байлык

Мамлекеттеги туруктуулук жана улут аралык ынтымак эң башкы байлык. Коомдук уюмдардын, Кыргызстандагы элдер ассамблеясына кирген диаспоралардын өкүлдөрү элди тынчтыкка жана ынтымакка чакырууда. Айтымында алар өлкөдөгү коомдук жана саясий кырдаалга кайдыгер эмес. Учурда ынтымак, биримдик, улут аралык бейпилчиликти, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо зарыл болуп турат. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга кайдыгер карабаган жарандар элди тынчтык менен ынтымакка үндөп чыгышты. 

Алардын пикиринде мекен, улут тагдыры эстен чыгарып, мансап, бийликке умтулган айрым саясий күчтөрдүн чагымдарына алдырбоо керек. Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү ынтымак-ырашкерликте жашап, эмгектенип келишет. Арасында бөлөк этностун өкүлү менен түтүн булаткан кыргыз атуулдары да жок эмес. Өлкөнүн өркүндөп өсүшүндөгү эң негизги кепилдик - улут аралык ынтымак, саясий жана социалдык туруктуулук экени убакыт менен тастыкталды. Кыргызстандагы элдер ассамблеясына кирген улуттар диаспораларынын өкүлдөрү да элди тынчтык менен ынтымакка чакырат. 

Элдик кошуун бирикмелеринин өкүлдөрү да президенттикке ат салышып жаткан талапкерлерге Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө коркунуч жаратпагыла деген кайрылуу жасашты. “Патриот” коомдук бирикмесинин башчысы Тариэл Искаков соңку кезде президенттик шайлоонун аркасы менен өлкөдө башаламандык алып келүү аракеттери байкалып жатканын билдирди. Элдик кошуун мүчөлөрү буга чейинки эки ыңкылап учурунда кыйын кырдаалдарды башынан кечиришкенин, мындан ары андай окуяга жол берилбестигин айтышты. Тынчтыкта жашап, улут аралык ынтымакты ширелтүү кыргызстандыктардын гана колунда. Ансыз экономиканы өргө тартып, өлкөнү гүлдөтүү оңой болбойт. Талдоочулар учурда эл да муну жакшы туюп турганын айтат. Мындан улам өлкөнүн өркүндөп өсүшүнө улут аралык ынтымак жана туруктуулук кепил болот.