Жаңылыктар
Кытайда "Манас" операсы коюлду
Маданият
Кытайда "Манас" операсы  коюлду

Пекинде "Манас" операсы кытай тилинде коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Опера манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы Манастын негизинде коюлуп, анда айкөл баатырдын улуу жеңиштери баяндалган. 

Анын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салты менен жашоосун чагылдырууга да кеңири орун берилген. 

Операнын бет ачарына 1500дөн ашык көрүүчү жана Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Үсөнов менен Кытайдын опера улуттук институтунун жетекчилери, этникалык кыргыздар жана башка коноктор келишти. 

Эскерте кетсек, Операны сахнага алып чыгууга эки жыл убакыт кетип, ага Кытайдын мамлекеттик театрларынын 100дөн ашык артисти катышкан.