Жаңылыктар
Бүгүн КТРКда президенттикке ат салышкан талапкерлердин теледебаттары башталат
Шайлоо 2023
Бүгүн КТРКда президенттикке ат салышкан талапкерлердин теледебаттары башталат

Бүгүн КТРКда саат 21:00де президенттикке ат салышкан талапкерлердин катышуусундагы теледебаттар старт алат. График боюнча алгачкы программага талапкерлер Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаров катышат. Катышуучулардын тизмеси чүчүкулак аркылуу аныкталып, 3 октябрда боло турган дебатка талапкер Бакыт Төрөбаев да кирген.

Бирок, ал буга чейин КТРКдагы талапкерлер үчүн берилүүчү акысыз эфирдик убактысынан жана теле дебаттарга катышуудан баш тартып, калган талапкерлерди да ушундай кадамга үндөгөн. 

Бирок, 29-сентябрь күнү мындай пикирин кескин өзгөртүп, КТРКнын жетекчилигине кайра кат жолдоп, мурда жазган катын артка чакыртып алаарын, андан тышкары бекер эфирге жана теле дебаттарга катышууга даяр экендигин билдирген. Бирок, Коомдук Биринчи канал талапкер Бакыт Төрөбаевге бүгүнкү теледебаттан эфир бере албайт. 

Анткени, студияны техникалык жактан жаңылап даярдоого жетишпейт. Эскерте кетсек, бул маселе кечээ БШКнын кезектеги жыйынында дагы каралган. Анда талапкердин укугун коргоо максатында, КТРКнын алдыда боло турган акысыз эфиринен пайдалануу жана теледебаттарга катыштыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу маселеси БШКнын жумушчу тобуна тапшырылды.