Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Ысык-Ата районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев Ысык-Ата районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Жолугушууда Мамлекет башчы сөз сүйлөп, мектептердин, ооруканалардын, спорттук жайлардын жана балдар бакчаларынын курулушуна жана ремонтуна, пенсиялык системанын реформасына, дыйкандарга жеткиликтүү кредиттерди берүүгө, шаарлар менен айылдардын инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү маселелерине байланыштуу суроолорго жооп берди. 

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Ата районунун жашоочуларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, жаңыдан президент болуп келгендеги өлкөнүн тарыхындагы татаал мезгилдерди эске салды. 

“Өлкөбүздүн келечеги кең экендигине мен терең ишенем”, -деп Мамлекет башчысы учурда өлкө туруктуулукка, экономиканын ырааттуу өсүшүнө, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, армиясын бекемдегендигин белгиледи. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент жарандар айткан орчундуу маселелер менен сунуштарды чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.