Жаңылыктар
Быйыл өлкөгө туристтер арбын келди
Туризм
Быйыл өлкөгө туристтер арбын келди

Кыргызстанга быйыл жайкы сезондо 1,9 миллионго жакын турист келген. Бул тууралуу “Биринчи радиого” туризм депортаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди. Туризм секторуна келген инвестициялардын да саны былтыркыга караганда бир кыйла өйдө.

Деги эле быйылкы жайкы туризмден мамлекетке канча пайда түштү? Канча чет элдик турист күнөстүү Кыргызстанда эс алуу күндөрүн өткөрдү? Учурда эсеп-чоту чыгарылып жаткан кези. Соңку жылдары Кыргызстанды даңазалоо, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү, Алтай цивилизациясы сыяктуу эл аралык фестивальдарды уюштуруу өз жемишин бере баштаганын талдоочулар айтууда. Көчмөн турмушка кызыгып, этнотуризм жана экологиялык туризмге кызыккандардын да саны арбып келет. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"