Жаңылыктар
КТРК: Бакыт Төрөбаевди дебатка катыштыруу мүмкүн эмес
Шайлоо 2023
КТРК: Бакыт Төрөбаевди дебатка катыштыруу мүмкүн эмес

Техникалык себептерге байланыштуу, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевди дебатка катыштыруу мүмкүн эмес. Буга чейин талапкерден КТРКдагы дебатка катышуудан баш тартаары туурасында расмий кат келген. 

Мындан соң дебаттардын программалык камсыздоосу иштелип чыккан, эми кыска аралыкта аны кайра түзүп чыгуу мүмкүн эмес. Бул маселе БШК кезектеги отурумунда, ар түрдүү маселелерге кайрылуу учурунда көтөрүлдү. 

КТРК, БШК макулдашкан соң,  талапкерге башка убакытта эфир берүү жагын караштыраарын билдирди. БШК мүчөлөрү бул маселени жумушчу топтун талдоосуна калтырышты. 

Эске сала кетсек, президенттике талапкер Бакыт Төрөбаев КТРКдагы дебатка катышуудан баш тарткан, бирок соңку убакта кайрадан катышуу ниеттин билдирген. 

 Назира Молдокулова, "Биринчи радио"