Жаңылыктар
Чаткалда ашуудан өтө албай калган чабандарды алып келүү иштери улантылууда
Өзгөчө кырдаал
Чаткалда ашуудан өтө албай калган чабандарды алып келүү иштери улантылууда

Чаткалда калып кеткен Талас облусунун чабандарын алып келүү иштери улантылууда. Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын 8 чабаны  30-сентябрда Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда кар көп жаагандыгына байланыштуу 3 короо койу жана 3 үйүр жылкысы менен аталган ашуудан өтө албай калышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Учурда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу тобу иш алып барып, тиешелүү аракеттер көрүүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.