Жаңылыктар
Ысык-Көл: айылдагы кош майрам
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: айылдагы кош майрам

Карылар күнү Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл аймагында кош майрам менен белгиленди. Бул күнү айылдык жаштар көптөн бери эңсеп келген кичи футбол аянтын ачышып, аны менен катар карыя адамдарга дагы сый-урмат көрсөтүштү.

 Анын жүрүшүндө концерттик программалар тартууланып, дасторкон кенен жайылды. 

Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жаштары буга чейин волейбол оюну боюнча жогорку лигада ойноп, мыкты оюнчулары менен белгилүү. Эми бул спортсмендердин катарын жаш футболистер толукташы мүмкүн. Себеби футбол оюнуна кызыккандар үчүн жаңы аянт ишке берилип жатат. Аянтты айыл эли өз күчтөрү менен каражат топтошуп тургузушту. Жетпеген каражатты болсо Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду менен айылдык ишкерлер бөлүп берген.