Кыргыз Республикасынын президенттик кызмат ордуна расмий катталган 13 талапкердин дебаттарынын алгачкысы башталды.
Бүгүнкү түз эфирде өткөн дебатка Адахан Мадумаров жана Азимбек Бекназаров катышты.
Маалым кыла кетсек, 4-октябрда боло турган дебатка Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев жана Өмүрбек Бабанов катышат.
Эске сала кетсек, талапкерлердин жеке кайрылууларынын жана дебаттардын убактысы, ким - кимге туш келээри чучукулактык негизде аныкталган.