Жаңылыктар
"Манас” аэропортундагы күтүүсүз рейд
Кыргызстан жаңылыктары
"Манас” аэропортундагы күтүүсүз рейд

Премьер-министр Сапар Исаков «Манас» аэропортуна күтүүсүздөн барып рейд өткөрдү. Текшерүү маалында Өкмөт башчы жүргүнчүлөр кирүүчү жана чыгуучу залга, аэропорттун жүктөр бөлүмүнө барып, ал жердеги жүргүнчүлөр менен баарлашты.

 Сапар Исаков чек ара текшерүү пунктунан өтүүчү жердеги жана бажы текшерүү бөлүгүндөгү «кызыл» коридордо кезек күтүүлөр болгонун көрдү.

 «Биздин жарандардын жана келген коноктордун арыздануулары толук негиздүү. Массалык маалымат каражаттары да бир нече жолу аэропорттогу тейлөө шарттарынын жетишсиздиги тууралуу жазып чыккан. Чек ара жана бажы кызматтары менен аэропорттун жетекчилиги тез арада азыркы көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн ыкчам чараларды көрүшү керек. Тиешелүү кызматтар чоң кезек күтүүлөр боюнча гана көйгөйдү чечпестен жүргунчүлөргө сылык мамиле жасоо этикетин да эске алышы керек. Аны менен бирге кызматтарда иштеген адистер англис тили дүйнөлүк тил экенин эске алып, тез арада англис тилин үйрөнүүсү шарт. «Манас» аэропорту - өлкөнүн негизги аба дарбазасы. Биздин өлкөгө учуп келген жана кеткен ар бир жаран өзүн ыңгайлуу сезиши керек. Тейлөө, тиешелүү кызматтардын жүргүнчүлөргө жасаган мамилеси, алардын ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээли боюнча биринчи жана акыркы көз караштар дал ушул аэропорттон түптөлөт», - деди Сапар Исаков.