Жаңылыктар
Алматыда учак кулады
Кырсык
Алматыда учак кулады

Алматы шаарына жакын жерде Ан-28 үлгүсүндөгү санитардык авиациянын учагы кулап, анын ичиндеги 5 адам каза болду. Кырсыкка учураган учактын командири Кыргызстандын жараны Цой атту жаран, ал эми экинчи учкуч Казакстандын жараны Евгений Кутафин экени аныкталды. Учактын бортунда мындан башка эки медициналык кызматкер жана авиатехник болгон.

 Учак Алматы-Чымкент багыты боюнча сыркоого кеңеш берүү максатында бара жаткан. 

Абага көтөрүлгөндөн 12 мүнөт өткөндөн кийин Ан-28 учагы радардан жоголуп кеткен.