Жаңылыктар
Ишеним кат менен унаа башкарып жүргөндөр каттоодон өтүшү керек
Кыргызстан жаңылыктары
Ишеним кат менен унаа башкарып жүргөндөр каттоодон өтүшү керек

Унааларды жаңы сатып алгандар же ишеним кат менен унааны башкарып жүргөндөр каттоого өтүшү керек. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирүүдө. Аталган ведомство унаа базардан машина сатып алууда дароо жаңы ээсине каттатып алууну жана мурда башка бирөөдө каттоодо жүргөн болсо, өздөрүнө толук документтештирип алууга жарандарды чакырууда. Буга жарандардан түшкөн арыздар себеп болгон. 

Маселен унаасын ишеним кат менен сатып, кийин унаа менен эреже бузса айып-пулу эски кожоюунун дарегине келип жатканы. Адистер өз кезегинде бул “Таза коом” программасына өтүүнүн алгачкы этаптары экенин эскертүүдө. Программанын алкагында жакынкы айлары Бишкек жана Ош шаарларында видео-көзөмөлдөр коюулат. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"