Жаңылыктар
Бишкектеги жол оңдоо жумуштары
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги жол оңдоо жумуштары

2020-жылга чейин Бишкек шаарындагы 134 көчөнүн жолу оңдолот. Мындай маалыматты шаардык мэриядан билдирди. Жалпы оңдолуучу жолдордун узундугу 205 чакырымдай болот. Мындан тышкары жаңы төрт жолдун үстүнөн өтүүчү өтмөк салынат. Азыр анын экөөнүн курулушу жүрүп жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, калааны жашылдандыруу боюнча иштер дагы колго алынат.