Жаңылыктар
Шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилиши керекпи?
Шайлоо 2023
Шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилиши керекпи?

Адистер шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилиши керек деп айтышууда. “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамында бир катар карама-каршылыктар бар. Тактап айтканда, үгүт иштеринде талапкер, үгүтчүлөр, же шайлоочулар тарабынан кетирилип жаткан одоно көрүнүштөрдү мыйзам чегинде жазалоого жабырлануучу тарап арыз жазмайын жоопкерчилик каралган эмес. 

Мындан сырткары, талапкерлер биригип кеткенде, алардын бирөө гана шайлоого катышууга укуктуу экендиги да мыйзамда көрсөтүлбөгөн. Үгүт иштерин эртерек баштоо керектиги да көйгөй жаратууда. Мындай алешемдиктердин бардыгы келип, бүгүнкү күндө эл арасында түшүнбөөчүлүктөр менен коштолгон нааразылыктарды пайда кылып жатат дешет алар. Буга байланыштуу 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоо бүткөндөн кийин тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөдү киргизүү зарылдыгын пайда кылды. 

 Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"