Жаңылыктар
Исаевдин күнөөсү тергөөдө аныкталууда
Кылмыш
Исаевдин күнөөсү тергөөдө аныкталууда

Улуттук коопсуздук комитети депутат Канатбек Исаевдин күнөөсү тергөөдө аныкталып жатканын маалымдады. УКМКнын билдирүүсүндө  депутат менен кошо айыпталып жаткан айрым адамдар сурак жана тергөөдөгү беттештирүү учурунда депутаттын күнөөсүн далилдеген негиздүү көрсөтмө беришкен. Атайын кызматтын билдиришинче,  тергөөдө алынган далилдер Исаевдин мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу аракетин көргөнүн аныктап жатат. 

Эске сала кетсек, Биринчи Май райондук соту Исаевди тергөө иштери бүткөнчө камакта калуу боюнча чечим чыгарса, ал арада Канат Исаевдин бир тууган агасы Талантбек Исаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Мындай чагымчыл иш-аракеттерди канчалык уюштурууга аракет кылбасын калын элдин колдоосу болбойт дешет жергиликтүү талдоочулар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"