Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев үгүт учурундагы абалга байланыштуу атайын билдирүү жасады
Шайлоо 2023
Алмазбек Атамбаев үгүт учурундагы абалга байланыштуу атайын билдирүү жасады

Үгүт учурундагы абалга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев атайын билдирүү жасады. Анда мамлекет башчы талапкерлердин бири аны өлкөдөгү калктын 65 пайызы колдойт деп айтканына байланыштуу өзүнүн жеке пикирин билдирди. 

Мамлекет башчынын билдирүүсү 4-октябрда өзүнүн сайтына чыкты. Анда Алмазбек Атамбаев жарандардын пикирин эркин билдирүүсүн жана сырттан ар кандай кысым көрсөтүлүшүнөн коргоо анын өлкө башчысы катары милдети экенин белгилеген.

Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти:
“Шайлоочулар ошондой эле аларга жалган маалыматты таңуулоо аракетинен корголууга тийиш. Президенттик шайлоолордун жыйынтыгынын маанисин жана алардын өлкөнүн тагдырына таасирин эске алуу менен, коомдук пикир менен манупуляциялоо Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясый кырдаалдын туруктуулугуна жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши ыктымал. Тилекке каршы, талапкерлердин биринин эч нерсе менен ырасталбаган “калктын 65% - биринчи турда эле ага добуш берүүгө даяр” деген имиш маалыматты коомго таңуулоо аракети мына ушуга мисал болуп саналат. Жарандарды деструктивдүү аракеттерге тартуудан коргоо максатында коомчулукка реалдуу маалыматты жеткирип коюуну маанилүү деп эсептейм. Атап айтканда Кыргызстандын алдыңкы социологиялык кызматтары тарабынан 2017-жылдын март айынан октябрга чейин жүргүзгөн социологиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты.”

Аны 65 пайыз калк колдой турганы боюнча билдирүүнү жекшемби күнү талапкер Өмүрбек Бабанов билдирген. Ага чейин ал төмөнкү билдирүү менен чыккан. Ошол эле учурда көз карандысыз социологиялык сурамжылоонун жыйынтыктары таптакыр башка.

Эксперттердин пикиринде социологиялык сурамжылоо жүргүзгөндөр кадыр-барктуу борборлор жана алардын иликтөөлөрү ишеним жаратат. Чыныгы цифралар менен фактылар бөлөктү көрсөтүп турса Бабанов чындык катары өзү көргүсү келген жыйынтыкты айтууда - дейт саясат таануучулар. Эксперттердин пикиринде шайлоочулардын түшүнүгүн өзү каалагандай башкарып, адаштыруу эрежеге ылайык келбейт.

Шайлоочулардын арасында талапкерлер кандай колдоого ээ экени тууралуу талаш-тартыш майнапсыз. Кандай болгондо да акыркы жооп добуштарды санагандан кийин белгилүү болот.