Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат
Саясат
Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат

Президент Алмазбек Атамбаев 5-6-октябрь күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди. Анын айтымында, визиттин алкагында мамлекет башчылары эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, бул сапарда соода экономикалык кызматташтык жана чек ара байланыштары боюнча маселелерге басым жасалмакчы. Азыркы учурда эки тараптын өкмөт аралык комиссиялары дагы 40 чакырым кыргыз-өзбек чек ара тилкесин макулдашышканы белгилүү болду. 

Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары - акыркы жылдарда эки өлкө ортосунда түзүлгөн тыгыз саясий кызматташтыкты бекемдөө аракеттеринин маанилүү уландысы. Буга чейин Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке болгон мамлекеттик сапары да, эки өлкөнүн акыркы эки жылда баштаган иш аракеттерин алдыга жылдырууда чон өбөлгө болгон. Мамлекеттик сапардын алкагында, Ташкентте өлкө башчылары тар чөйрөдө жана кеңири курамда жыйындарды өткөрүп, бул жолу соода экономикалык жана чек ара аймактары боюнча маселелерге басым жасалат.

Мамлекеттик сапардын алкагында, бул күндөрү Ташкент шаарында "Кыргызстан-Өзбекстан: ааламдашуу шартындагы кызматташтык" деп аталган бизнес форум өтөт. Иш-чарада эки өлкөдөн чыгарылган товарлардын жарманкеси өтүп, чарба субьектилери тарабынан бир катар келишимдер жана долбоорлорго кол коюлат. Мындан сырткары мамлекет башчылардын деңгээлинде транспорт жана энергетика тармагындагы бир нече долбоорлор талкууланганы турат.

Субакожоева белгилегендей, өзбек президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары боюнча жакшы жыйынтыктар бар. Эки өлкөнүн чек ара аймактарында 5 көзөмөл өткөрмө бөлүктөрү ачылып, суу чарба объектилери боюнча сүйлөшүүлөр уланууда Азыркы учурда эки тараптын өкмөт аралык комиссиялары дагы 40 чакырым кыргыз-өзбек чек ара тилкесин макулдашты.

Мамлекеттик сапардын алкагында жалпы 15 документке кол коюлуп, анын ичинде коопсуздук, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү, товар жана жүктөрдү өткөрүү операцияларын тартиптөө, стат-маалыматтарды алмашуу келишимдери бар. Мындан сырткары мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ынтымак, достук жана бири бирине болгон ишенимди бекемдөө тууралуу декларацияга кол коюлат.