Жаңылыктар
Кыргыз драма театры 91-театралдык сезонун ачты
Маданият
 Кыргыз  драма театры 91-театралдык сезонун ачты

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук Академиялык драма театры 2017-жылдын 3-октябрында 91-театралдык сезонун ачты. Сезон Ж.Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектакли менен ачылып, мындан ары театрда күн сайын спектаклдер коюлуп турмакчы. «Манастын уулу Семетей» - тарыхый драма. Элдик эпосубуздун негизинде жазылып коюлган. Бул пьеса бардык муундагы адамдарга, айрыкча жаштарга хрестоматиялык негизде көрүүгө зарыл чыгарма.