Жаңылыктар
Сокулуктун айдоо аянтына курулган мыйзамсыз турак үй жана фундаменттер сүрдүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулуктун айдоо аянтына курулган мыйзамсыз турак үй жана фундаменттер сүрдүрүлдү

Сокулук районундагы Романовка айылында айдоо аянтына курулган мыйзамсыз турак үй жана фундаменттер сүрдүрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуштар айдоо багытындагы менчик жер тилкелерине уруксатсыз салынган. Инспекторлор мыйзамсыз курулуштарды буздуруу боюнча бир жылдан ашык эскертүү, соттук териштирүү иштерин жүргүзгөн. 

Инспекциянын талаптарын мыйзам бузган тарап аткарган эмес. Жыйынтыгында мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча соттун чечими чыккан. Соттун чечиминин негизинде сот аткаруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда курулуштар атайын техниканын жардамы менен сүрдүрүлдү.