Жаңылыктар
БШК КТРКга коюлуп жаткан күнөөлөрдү негизсиз деп тапты
УТРК жаңылыктары
БШК  КТРКга коюлуп жаткан күнөөлөрдү негизсиз деп тапты

БШКнын кезектеги жыйынында президенттике талапкер Бакыт Төрөбаевдин штабы тарабынан: айрым маалымат каражаттарында жарыяланган шайлоочуларды сатып алуу тууралуу видеоматериал боюнча жазылган арызы каралды. Жыйынтыгында борбордук шайлоо комиссиясы КТРКга коюлуп жаткан күнөөлөрдү негизсиз деп тапты.

Коомдук биринчи каналдын өкүлдөрү , эфирге кеткен материал КТРКнын журналисттери тарабынан эмес, “Кабарлар” сайтынан алынгандыгын түшүндүрүп беришти. Ал эми кабарлардын окулу бул видеону namba.kg. сайтынан көчүрүп алнанын айтышты. Жыйынтыгында боршайком, “Кабарлар” сайтына жазуу жүзүндө эскертүү берип, ал эми КТРКдан күнөө кеткен эмес деп табылды.

Эскерте кетсек, башкы прокуратура кезегинде Свердлов районунда шайлоочуларды сатып алуу боюнча фактылар болгондугун тастыктаган. Мындай чечим, Камчыбек аттуу жаран шайлоочу таап бергендиги үчүн 2 миң сом сунуштап жаткан видео интернет булактарына пайда болгондон кийин кабыл алынган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча видеодогу Камчыбек аттуу жаран “Өнүгүү прогресс” партиясынын штабынын өкүлү болуп чыккан. 

Бакыт Төрөбаев бул маалыматты танып, КТРКнын дарегине ар кандай сындарды айтып, добуштарды сатып алуу боюнча көрсөтүлгөн материал, ойдон чыгарылган деген дооматтарды тагып келген. Мындай окуядан кийин Төрөбаев КТРКнын эфиринен экинчи ирээт көрүнгүсү келбей турганын айтып, жада калса эфирден бекер берилип жаткан дебаттарга да чыкпай турганын жар салган.