Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстанда
УТРК жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстанда

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына барды. 

Өлкө башчыны аба майданынан Президент Шавкат Мирзиёев, Өзбександын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ташкент шаарынын мэри Рахмонбек Усманов, ошондой эле Өкбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов тосуп алды. Алмазбек Атамбаевди тосуп алуу аземинде ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

 Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев Ташкент шаарындагы "Көз карандысыздык жана гуманизм" монументине гүл койду. 

Мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.