Жаңылыктар
Өлкөнүн алдыңкы мугалимдерине көрсөтүлгөндөр сыйланды
Билим
Өлкөнүн алдыңкы мугалимдерине көрсөтүлгөндөр сыйланды

Өкмөт мугалимдерге мындан кийин да мыкты деңгээлде шарт түзүп берип, келечекте айлык маяна маселеси да каралмай болууда. Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков “мыкты мугалим-2017” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди. Өкмөт башчысынын айтуусунда “Жаңы доорго 40 кадам” программасындагы үч кадам билим берүү жана илим тармагын камтыйт.

Өлкөнүн алдыңкы мугалимдери салтанаттуу иш чаранын кадырлуу меймандары. Алардын катарында Жумгал районунун Байзак айылындагы Молдокеев атындагы мектептин химия мугалими Нурлан Түмөнбаева да бар. 30 жылдык тажрыйбасы бар мугалим сыныктын финалына чыккан.

Калыстар тобу төрт тарабы төп келген 50 мыкты мугалимди тандап алган. Быйыл өткөн сынак мурдагылардан шарты жана жол-жобосу менен обочолонуп турат. Сынак педагогдордун катталуу күнүнөн тартып, жыйынтык чыгарууга чейин онлайн ыргакта өттү. Конкурстун жүрүшүндө кесипкөй мугалим катары ачык сабак өтүү менен гана чектелбестен чыгармачылык шыгын да көрсөтүштү.

Сынактын дагы бир өзгөчөлүгү финалга чыккан мугалимдин баарына кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Премьер-министр Сапар Исаковдун колунан 50 миң сомдон акчалай сыйлык жана ноутбуктарды он беш мугалим алды.

Сапар Исаков, премьер-министр:
“Кыргызстандын келечеги, Кыргызстандын өнүгүшү, Кыргызстандын эң жакшы багыттары бул мугалимдер силерсиңер. Сиздер болбосоңор Кыргызстандагы чыгаан кыз-жигиттер болбойт эле. Ар кайсы тармакта Кыргызстанды алдыга сүрөп жаткан кыз-жигиттерибиз бар. “Жаны доорго 40 кадам” программасында илим билим тармагын камтыган 3 кадам бар. Кыргызстанды кантип өнүктүрөбүз деген ошол программада кырк кадамды жасап чыгышыбыз керек. Ушул жерде Кыргызстандын мыкты мугалимдери отурасыздар сиздер биздин программаны колдоп, Таза Коом долбоорун колдоп чогу иштесек келе жаткан 3-4 жылды кыйла өзгөртөбүз. Мамлекет өкмөт силердин жашоо турмушуңарды айлык маянаңарды дагы карайбыз. Көтөргөнгө аракет кылабыз мындан ары дагы”. 

Жеңүүчүлөрдүн катарында тажрыйба жактан такшалып калган жаш мугалимдер дагы бар. Алардын бири тарых мугалими Кубатбек Сайкалов алыскы Баткен районунан келген.  Ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, окуучунун жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, турмуштун даңгыр жолуна салган албетте- бул мугалим. Иш чара чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.