Жаңылыктар
ӨКМ: ашуудан өтө албай калган чабандардарга жардам көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: ашуудан өтө албай калган чабандардарга жардам көрсөтүлдү

Калың жааган кардан Чаткалдагы ашууда калып калган чабандар аман-эсен. Алар учурда ашууга жакын жердеги сарайда. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мына ушундай кырдаалды алдын алуу үчүн министрлик жарандарды сак болууга чакырды. Себеби, аба ырайынын кескин өзгөрүшү кооптуу кырдаалдарга алып келет. 

Калың жааган кардын кесепетинен сегиз чабан 3 үйүр жылкы жана койлору менен Чаткал районунун Ат-Ойнок ашуусун өтө албай калган. Куткаруучулардын аракети менен чабандар мал-жаны менен жакын жайгашкан Канышкой айылына жеткирилген.

Ушундай эле кар Казармандагы Сары-Кыр ашуусуна түштү. Мындан улам, Жалал-Абад-Казарман жолу жабылды. Эми бул каттам жайында ачылат. Адистердин айтымында, азыр ашууларга кар бапылдап жатат. Төө ашуудагы кардын калыңдыгы 6-7 сантиметрдей. Андагы Ош-Бишкек каттамы тазалганы менен айрым тилкелери тайгак.

Муну менен катар Нарындагы Долон ашуусуна дагы кар түшүп, жол тайгак болгондуктан, айдоочулар эрежени жана унаа ортосундагы аралыкты сактап айдоо керектигин Өзгөчө кырдаалдар минитстрлиги эскертет.