Жаңылыктар
Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт
Өзгөчө кырдаал
Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -2…-4 градуска түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Гидрометтен билдиришти. 

Маалыматка караганда, мындай аба ырайы 6-7-октябрда күтүлүүдө. 

Анын кесепетинен жыйналбаган жашылча жемиштерди, казылып алынып жабылбаган картошканы жана кант кызылчасын үшүк алып кетиши ыктымал. 

Чукул кырдаалдарды жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ элге СМС билдирүүлөрдү жөнөтүүдө.